Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кубатбек Боронов коронавирус 20-24-апрелде күчөйт деген болжолдоого ишенбөөгө чакырды

14.04.2020 13:48
959
Кубатбек Боронов коронавирус 20-24-апрелде күчөйт деген болжолдоого ишенбөөгө чакырды


Кыргызстанда коронавирус инфекциясы 20-24-апрель күндөрү туу чокусуна жетет, бул алдын ала болжолдоолор, деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин биргелешкен комитеттер жыйынында.


Эл өкүлү Руслан Казакбаев мындай маалымат кандай изилдөөнүн негизинде айтылып жатканына кызыкты.


Министрдин айтуусунда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун методикасы боюнча математикалык моделдөө аркылуу чыгарылган болжолдуу жыйынтык.


Саламаттыкты сактоо министрлигинде атайын комиссия түзүлүп, ага илимдин окумуштуулары, кафедра жетекчилери, профессор жана окумуштуулар кирген. Алар ушундай болжолдоолорду берип жатышат. Албетте бул так эмес, божомол”, - деди Абдикаримов.


Бирок, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күн сайын статистика жана оорулуулардын таблицасы өзгөрүп, ар кандай абал болуп жатканын айтып, ошондуктан министрликтеги тар чөйрөдө гана чыгарылган божомол экенин, ага дароо ишенип алууга эрте экенин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн