Кыргызстанда 9 лабораторияда 14 аппарат COVID-19 вирусун изилдөө жасайт. Бул тууралуу 8-майда болгон брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, бир сутка ичинде, 2000ге жакын изилдөө жүргүзүлөт.
Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктургандар 906 адамга жетти. Алардын 244 стационарда дарыланып, анын ичинен 6сы реанимацияда.
Ал эми оорудан сакайып, бейтапканадан 650 адам чыгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн