Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы аныкталды

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун "британиялык" штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Министрдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган.


Буга чейин вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов "британиялык" штамм азыркы учурда Кыргызстанда бар же жогун тактоо кыйын экенин, бул үчүн тиешелүү аспаптар менен жабдылган лаборатория керектигин айткан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн