Өлкөдө коронавирустун статистикасы өзгөртүлөт жана март
айынан баштап эсептелинет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова 20-июлдагы брифингде билдирди.
“Оорунун чыныгы масштабынын, оорунун жайылуусун аныктоо үчүн коронавирус менен пневмониянын статистикасы бириктирилди. Эпидемияга каршы чара көрүүгө жана туура кадамдарга барууга шарт түзөт. Март айынан баштап тизмеге алып келет. Мындан улам статистика дагы өзгөрөт.
Физикалык аралыкты сактоого, колду үзгүлтүксүз самындап жууп, антисептиктерди колдонуп турууга чакырат элем. Оорунун белгилери болсо бейтапканага кайрылыңыздар жана үйдө машыгуу көнүгүүлөрүн аткарып туруңуздар”, - деди Аида Исмаилова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн