Кыргызстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы (түрү) жок. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.
"Азыр Кыргызстанда коронавирустун мутацияга кабылган түрү жок", - дейт ал.
Бейшеналиев бүгүн коронавируска каршы Кытайдан келген вакцина менен биринчилерден болуп эмделерин билдирди.
"Вакцинаны менин орун басарларым, медкызматкерлер, мугалимдер, чек ара кызматкерлери жана журналисттер алат", - деп кошумчалады ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн