Бүгүн, 29-январда Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык саат 01:56да Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн