Бүгүн, 30-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал, калган райондордо жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 23…28;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн