2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга, ардактуу наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлык менен кошо берилген каражатты төлөөгө мораторий киргизилди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Документке ылайык, сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуштарды алууга да тыюу салынган.
"Мораторий мезгилинде мамлекет менен коомдун алдындагы эмгеги үчүн сыйлык тапшыруу, наамдарды ыйгаруу жана сыйлыктарды төлөө маселеси президенттин демилгеси боюнча өзгөчө учурларда гана каралышы мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Юстиция министрлигине эки айдын ичинде учурдагы мыйзамдарга жана сыйлык тапшыруу практикасына комплекстүү талдоо жүргүзүп, бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүү тапшырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн