Бирдин айы 11, 2025
Убакыт: 23:32
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.900
0.930

Кыргызстанда менчигинин түрүнө карабастан мектептер 12 жылдык окууга өтө баштайт

11.02.2025 17:58
43
Кыргызстанда менчигинин түрүнө карабастан мектептер 12 жылдык окууга өтө баштайт


Үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан тарта Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча окууну баштайт.


Ведомстводон билдиришкендей, окууга менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү кызматкерлери тартылды.


Окуу бекитилген график боюнча өткөрүлөт. Тренингдин жыйынтыгында ар бир мектеп ата-энелер чогулушун өткөрүп, улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат беришет.


Зарылчылыкка жараша боло турган өзгөртүүлөр жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн