Кыргызстанда мындан ары юридикалык жактарды каттоодо негиздөөчүлөрдүн каржы кылмыштары үчүн соттуулугу текшерилет.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылган.
Ага ылайык, бул чара "каржы пирамидаларын", "бир күндүк фирмаларды" жана мыйзамсыз акча адалдоо схемаларын алдын алууга жардам берет. Ошондой эле документ мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн юридикалык жактарды колдонууга бөгөт коюу жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн