Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда митинг-пикеттердин доору бүтөбү? Астрологдун божомолу

22.12.2020 15:03
1314
Кыргызстанда митинг-пикеттердин доору бүтөбү? Астрологдун божомолу


Россиялык белгилүү астролог Светлана Драган дүйнө жүзү, анын ичинде өзгөчө Кыргызстан жаңы саясий доорго кирүү алдында турганын айтат. Ал «Говори ТВ» маалымат каражатына айткан өзүнүн анализдөөлөрүндө 2021-жылдын башында Кыргызстан үчүн саясий кырдаал өтө оор болорун, алтургай шайлоонун жыйынтыгы да эч кандай мааниге ээ болбостугун айтат.


«6-мартта дагы бир жолу революциялык бурулуш жасоо аракети болушу мүмкүн. Мында балким Садыр Жапаров да катышат. Бирок, ал ийгиликтүү болбой калышы мүмкүн. Жашоого кирген жаңы экономикалык алгоритмдер, жаңы финансылык кырдаал менен мүмкүн болбой калат. Бул жагдай кайрадан революциялык толкунду түзөт. Мен ал татыктуу болот деп үмүттөнөм. Себеби, адамдар түшүнөт. Март айынын аягында стабилдүүлүктүн биринчи этабы болот. Болжол менен 31-мартта кандайдыр бир биримдикти түзүү аракети башталат. Балким жаңы идеяны алып келе турган мамлекет менен», - дейт ал.


Анан дагы ал 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгынан тарта жашообузга жаңы идеялар, жаңы көз караштар кире баштай турганын билдирет.


«Жашоого дароо эле кире койбой турган жаңы идеялар болушу мүмкүн. Кийинки жарым жыл ичинде акырындык менен кирип, жыл аягында иштеп баштайт. Биз ага чейин эмнелерди көргөн болсок, январь-февралдагы ар кандай аракеттер Кыргызстанда гана эмес, башка дагы көптөгөн мамлекеттердеги аракеттер, таптакыр башка планетардык конфигурацияны талап кылат. Алдыда жаңы талаптар, жаңы милдеттер турат», - дейт астролог.


Анын айтымында ушул келаткан 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы менен чогуу саясаттан эски саясатчылардын дээрлик басымдуу бөлүгү сүрүлүп калышы мүмкүн.


«2020-жыл менен жеке адамдардын күрөшү аяктады. 2021-жылдан тарта коллегиалдуу күрөш башталат. Кайсы бир мамлекет менен союздашуу болуп, ошол союздашуунун жыйынтыгында жаңы саясий доор башталат. Ким буга ылайыкташып кетсе, ал өзүнүн саясаттагы жолун улантат. Эгерде Кыргызстанда, деги эле башка мамлекеттерде эмне болуп жатканын карасак (өзгөчө Кыргызстанда демонстративдүү болуп турат), жаңы саясатчылардын, же жаңы идеялардын доору келатат. Эгерде эски саясатчылар өз көз караштарын жаңы доорго ылайыкташтыра алышпаса, анда тарых аларды кабыл ала албайт. Бул жерде агрессия, диктат же башка күчтөр маселеси эмес, бул жерде жаңы доордун талаптарына ылайык келүү керек», - дейт Драган.


Демек, араздашуу, акыйлашуу, бийликти күч менен басып алуу, бийликти таш менен кубалоо, митинг-пикет уюштуруу менен саясий упай топтоо сыяктуу көрүнүштөр өз доорун аяктоо алдында тургансыйт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Funny
Кыргыз эли кичине китеп окуп,онугуп оссок жакшы болмок,тошту каккылап эле митингтен башыбыз чыкпайт