Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда окуучуларга чет тилдерди үйрөтүүдө Франциянын тажрыйбасын колдонууга даяр

23.05.2023 16:45
306
Кыргызстанда окуучуларга чет тилдерди үйрөтүүдө Франциянын тажрыйбасын колдонууга даяр


Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууга ошондой эле Француз альянсынын жана француз тилин окутуучулар ассоциациясынын президенти Мария Акчекеева да катышты. Тараптар Франциянын мектептеринде эне тилин жана чет тилдерин окутуу тажрыйбасын колдонууну талкуулашты.


Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Инклюзивдик билим берүүнү уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу, мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектептердин байланышын жөнгө салуу практикасын колдонуу, Кыргызстан менен Франциянын университеттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык багыттар боюнча кош дипломдуу программаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн