Бугу 07, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң сомду түздү

11.07.2023 13:22
805
Кыргызстанда орточо айлык акы 31 миң сомду түздү


Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, айлык акынын көлөмү 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн.

“Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлее тармагында байкалган, - деп белгиледи Керималиева.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн