Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:23
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 33 миң сомду түздү

11.10.2023 16:49
514
Кыргызстанда орточо айлык акы дээрлик 33 миң сомду түздү


Кыргызстанда 2023-жылдын январь-август айларында орточо айлык 32 миң 708 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 25,7%га өскөнүнөн кабар берет.

Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо, кайра иштетүү, кыймылсыз мүлк, искусство, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо, транспорт, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында байкалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн