Кыргызстанда 2025-жылдын январь-апрель айларында орточо номиналдык эмгек акы 40 миң 776 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 18,6%га өскөн.
Ал кошумчалагандай, айлык акынын эң көп өсүшү кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, саламаттыкты сактоо, маалымат жана байланыш, калкка социалдык кызмат көрсөтүү, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк, ресторан жана кафе чөйрөсүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу сыяктуу тармактарда катталган.
Эске салсак, 2025-жылдын январь-март айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 40 миң 264 сомду түзгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн