Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:42
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда ортопедиялык бут кийимдерди чыгаруу маселеси талкууланды

16.08.2022 14:42
359
Кыргызстанда ортопедиялык бут кийимдерди чыгаруу маселеси талкууланды

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде ортопедиялык буюмдарды чыгарган кытайлык NATON, IRENE, жана INION компанияларынын өүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык ишкерлер инвестиция салуу максатында региондогу башка өлкөлөрдү да карап жатышканын, бирок Кыргызстан негизги өлкө экинин билдиришкен.


Аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.


Учурда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан Бишкек эркин экономикалык аймагы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен жолугушуулар уюштурулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн