Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 12:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда паранжа кийүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салуу сунушталууда

07.09.2023 13:14
2760
Кыргызстанда паранжа кийүүгө мыйзамдуу түрдө тыюу салуу сунушталууда


Кыргызстанда коомдук жайларда бетти толук жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салуу сунушталууда. Мындай билдирүүнү депутат Шарапаткан Мажитова жыйында билдирди.


Ал белгилегендей, Өзбекстанда коомдук жайларда адамдын жүзүн жашырган же адамды таанууну кыйындаткан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.


«Бул мыйзам бизге да керек. Көптөгөн адамдар паранжа кие башташты. Жоолук салышсын, бирок бетин жаппагыла. Бул абдан кооптуу», - деди ал.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Советбек
Бул сунуш- наадандык, көрө-албастык, илимсиздик жана мусулмандарга болгон душмандыктын гана бергиси! Эмне үчүн Америка, Катар ж.б.у.с., өнүккөн заманбап өлкөлөрдүн мыйзамын албайбыз, Өзбекстан бизге үлгү болуп калдыбы эми ...
Бегимай
Колдоймун. Ооба бул абдан кооптуу көрүнүш. Мындай кийимде, жүзү жабылуу болсо, ичиндеги аял же эркек экени да белгисиз болуп калат экен.
Советбек
Паранжасы жок эле эркек же аял экенин ажырата албай турган бузукуларды эмне кылабыз ...?
Муса
Эң туура. Паранжаны арабтар кум учкан шамалдан,куюндан сактаныш үчүн кийишет. А бизде кайдагы шамал, кайдагы куюн. Биздин өзүбүздүн улуттук кийимдерди кийишпейби, ошондой эле башкача кийинишкиси келсе.
Советбек
Илим жана түшүнүк жетпеген ден кийин мындай нерселерди жазган жакшы эмес. Биринчиден ал паранжа кийгендердин баары кыргыз деп ким айтты Сизге, экинчиден бети эмес бүт уяттуу жерлерин жылаңач кылып коомдук жайда жүргөндөргө эмне акыл үйрөтпөйсүңөр бул адилетсиздик көрө-албастык, наадандык
Апсатар
Алланын буйругуна каршы чыкпагыла кыздар ачык кийинип европалашып кеткенде окуносунор паранжы кийген кыздарыбызга алла ыраазы болсун!