Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды

04.10.2020 20:22
1047
Кыргызстанда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды

Бүгүн, 4-октябрь саат 20:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери жабылып, шайлоо жыйынтыкталды. Саат 18:00гө карата өлкө боюнча 1 млн 594 миң 802шайлоочу добуш берди.

Бишкек - 223 миң 119 шайлоочу, Ош шаарында - 101 миң 271, Жалал-Абад облусунда - 303 миң 450, Ысык-Көл облусунда - 117 миң 450, Нарын облусунда - 79 миң 939, Ош облусунда - 317 миң 927, Баткен облусунда - 115 миң 358, Талас облусунда - 69 миң 263, Чүй облусунда 260 миң 471 шайлоочу добуш беришти.

Ал эми чет өлкөлөрдө шайлоочулардын тизмесине кирген 32 миң 602 шайлоочунун 6 миң 554ү добуш берген. Жалпы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 партия катышты:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн