Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда полиэтилен баштыгынан кагазга өтүү тапшырмасы берилди

20.05.2023 18:15
484
Кыргызстанда полиэтилен баштыгынан кагазга өтүү тапшырмасы берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинде кагаздан жасалган баштыктарды чыгаруучу ишкерлердин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жыйында негизинен Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды колдонуудан жана сатуудан экологиялык жактан таза кагаздан жасалган баштыктарга этап-этабы менен өтүү маселеси талкууланып, анда тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өндүрүүчүлөр өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.


Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда экологиялык жактан таза кагаздан жасалган баштыктарга этап-этабы менен өтүү боюнча иш алып барган жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн