Учтун айы 22, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
90.70
91.70
RUB
0.860
0.900

Кыргызстанда "Бизнес үчүн инновациялык чечимдер" долбоору ишке кирди

22.01.2025 10:00
28
Кыргызстанда "Бизнес үчүн инновациялык чечимдер" долбоору ишке кирди

Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов "Бизнес үчүн инновациялык чечимдер" долбоорун ишке киргизүү аземине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, долбоор USAIDдин колдоосу менен 2029-жылга чейин ишке ашырылат.

Долбоордун максаты чакан жана орто бизнеске техникалык жардам берүү жана инновациялык "жашыл" технологияларды киргизүү жана колдонуу үчүн гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу көмөктөшүү болуп саналат.

Ошондой эле долбоордун алкагында реформаларды иштеп чыгуу, туруктуу каржылоо механизмдерин жана инновацияларды мамлекеттик жана жеке секторлорго киргизүү менен "жашыл" жумуш орундарын түзүү каралууда.

Экономика министринин орун басары чакан жана орто бизнес тармагында экологиялык жактан таза жана жогорку технологиялуу долбоорлорду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, долбоордун ийгиликтүү ишке ашышын каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн