Теке 01, 2024
Убакыт: 21:31
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

Кыргызстанда "Топтолмо ипотека" жаңы социалдык долбоору иштелип чыгууда

20.05.2024 18:26
131
Кыргызстанда "Топтолмо ипотека" жаңы социалдык долбоору иштелип чыгууда


Мамлекеттик ипотекалык компания "РСК Банкы" менен биргеликте КР президентинин демилгеси менен "Топтолмо ипотека" жаңы социалдык долбоорун иштеп чыгууда.

Ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.

Программа мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, өлкөдө жашаган жана чет өлкөдө иштеген жарандарды турак жай менен камсыздоого багытталган. Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыктары болуп эң ыңгайлуу пайыздык чендер жана насыя алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби саналат.

Бул программанын негизги шарты баштапкы төлөмдү топтоо болуп саналат – турак жайдын наркынын 30%. Жаран аларды графикке ылайык ай сайын толуктап, банкта топтойт.

Андан кийин банк ага күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан 15 жылга алат.

"Топтолмо ипотека" долбоорун расмий ишке киргизүү 2024-жылдын күз айларына пландаштырылган. Буга байланыштуу КР Улуттук банкы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мыйзам базасын жаңылайт. Өз кезегинде МИК жана "РСК Банк" ипотеканы алуу боюнча үзгүлтүксүз санариптик чечимди жыйынтыктоо боюнча иш алып барышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн