Кыргызстанда сейсмоизолятор (имараттарга жер титирөөнүн таасирин азайтат) жабдууларын чыгарган завод курулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.
Министрдин айтымында, бүгүн кытайлык компания менен 10 миллион долларлык келишим түзүлгөн. Заводдун 51 пайызын Кыргызстан, калганын Кытай тарап башкармакчы.
Ушул эле келишимдин алкагында жер кыртышын изилдей турган лабораториялар салынары айтылды.
Орунтаев, мындан тышкары, 1,5 миллион доллар грант алынарын, ага Курулуш министрлиги керектүү жабдык алып, курулушка сарптай турганын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн