Бугу 14, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда сөөктү өрттөөгө уруксат берилди

29.02.2024 15:42
1365
Кыргызстанда сөөктү өрттөөгө уруксат берилди


Кыргызстанда сөөктү өрттөөгө уруксат берилди. Эми крематорийлер салынат. Бул тууралуу Марлен Маматалиев билдирди.


Анын айтымында, өлкөдө крематорийлердин иштеши боюнча берене "Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзамга киргизилет.


"Кыргызстанда көз жумган адамдын сөөгүн кремация кылуу керек деген ойду кармангандар бар. Жаңы мыйзамда крематорийлердин курулушу каралган. Бирок алар сөөктү өрттөө үчүн гана эмес, кээ бир оорулардан жапа чегип өлгөн жаныбарлардын денелерин өрттөш үчүн да иштейт", — деди Маматалиев.


Ал президент кол койгон мыйзамга ылайык крематорийлер шаарларда гана курулат, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.


"Жарым жылдын ичинде мыйзамга кошумча нормативдик-укуктук актылар киргизилмекчи. Бул мыйзамда крематорийлер мамлекеттин эсебинен салынары жазылган. Алар айылдарда эмес, шаарларда гана болот. Сөөктү кремациялоо процедурасы белгилүү бир текшерүүлөрдөн өтөт. Аны Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет менен Сөөк коюу бюросу көзөмөлдөмөкчү", — деди эл өкүлү.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Аснбайев жолдошбек
Батышта эмне бузукулук болсо ошол бузукулук бизге тез арада таркап жатат.Аракка агып кете жаздаганыбызда дин келип аман калдык эле.Динден башка сактала турган жолубуз жок,динибизди бекем сактайлык.Бизге туура жолду жараткан зат гана корсотуп берет.
Бакы
Кыргызстан га кереги жок биз аз элбиз мындайлар эли көп өлкөлөрүндө гана болот мен каршымын өлгөн адам топурака койулсун биздин мамлекет мусулман өлкө
Ислам дини
Кошулам!