Кыргызстанда субъективдүү жакырчылыктын деңгээли төмөндөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик аппараттын жыйынында билдирди.
Өзүн жакыр деп эсептеген үй-бүлөлөрдүн үлүшү 2021-жылдагы 29 пайыздан 16 пайызга, 2024-жылы айылдарда, шаарларда 30 пайыздан 18 пайызга чейин азайгандыгы белгиленди.
"2030-жылга карата өлкөбүз башкаларга үлгү гана болуп калбастан, кыялдар ишке ашарын бүт дүйнөгө көрсөтөбүз деп чын дилимден ишенем", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн экономикалык өсүү көрсөткүчтөрүнүн катышы, көз карандысыз Эл аралык республикалык институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилдеги жарандардын кайрылууларын кабыл алуу боюнча маалыматтарды камтыган комплекстүү талдоо менен тааныштырды.
Жапаровдун айтымында, 2021-жылдан бери өлкөнүн экономикасы тез жана туруктуу өсүүдө. ИДПнын орточо өсүү темпи 9 пайызды түзөт.
"IRI изилдөөсү жарандардын мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө ишеними жана колдоо деңгээли жогорулаганын тастыктайт. 2021-жылы мамлекеттик колдоо — 69 пайыз, 2022-жылы — 76, ал эми 2023-жылы 82 пайызды түздү. Жарандардын президент менен өкмөткө болгон кайрылуулары да азайды. Мисалы, 2021-жылы жарандардан 22,5 миң кайрылуу келсе, 2024-жылы 16,7 миң кат түштү", — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк банктын 2021-жылдын декабрынан 2024-жылдын октябрына чейин калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугу боюнча мониторингинин соңку маалыматтары менен тааныштырды:
- өзүн жакыр деп эсептеген үй-бүлөлөрдүн үлүшү айылдарда 29%дан 16%га, шаарларда 30%дан 18%га чейин азайды;
- финансылык туруктуулугуна ишенген үй-бүлөлөрдүн үлүшү айылдарда 34%дан 74%га, шаарларда 33%дан 71%га өстү;
- жашоосуна канааттанган үй-бүлөлөрдүн үлүшү 54%дан 74%га өстү;
- өлкө туура багытта бара жатканына ишеним бир топ жогорулады.
Жапаров 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү керектигин эске салды. Бул үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 12-13 пайыз деңгээлинде кармап туруу зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн