Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу инфляция акырындык менен төмөндөөдө

01.08.2023 13:02
564
Кыргызстанда тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу инфляция акырындык менен төмөндөөдө


21-июлга карата Кыргызстанда жылдык инфляция 10,3 пайызды түздү. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.


Анын айтымында, инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк бааларынын өсүшү жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 6,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баанын төмөндөө динамикасы ички баанын динамикасында чагылдырылган.


«Өлкөдө баалардын жалпы деңгээлинин жайыраак төмөндөшүнө бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашынын жана ички суроо-талаптын туруктуу кеңейүүсүнүн таасири шарт түзөт. Ошону менен бирге, акча-кредит саясаты жаатында мурда кабыл алынган чаралардын топтолгон эффектиси инфляциянын потенциалдуу тобокелдиктерин жумшартууга мүмкүндүк берет», - деди Аида Карабаева.


Ал белгилегендей, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясаты дагы эле орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган. Бүтүндөй алганда, инфляциянын учурдагы динамикасына баа берүү Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде калууда. Бирок өлкөнүн экономикасында инфляциялык факторлордун сакталышы акча-кредиттик жана фискалдык саясатты андан ары ишке ашырууда макулдашылган кадамдарды талап кылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн