Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:27
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Кыргызстанда телефонду каттоо үчүн 700 сом алынабы? Министрлик жооп берди

22.04.2022 12:54
633
Кыргызстанда телефонду каттоо үчүн 700 сом алынабы? Министрлик жооп берди

Кыргызстанда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Алаев билдирди.


Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алына элек, коомдук талкууда каралып жатат.


“Учурда аталган документ мыйзам долбоору болгондуктан сунуш-пикирлер кабыл алынат”, - дейт ал.


Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКларда уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынары тууралуу маалымат тараган. Анда бир уюлдук телефонду каттоонун баасы жети эсептик көрсөткүчтү, башкача айтканда, 700 сомду түзөрү айтылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн