Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга (реэкспорттон, транзиттен, Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдан сырткары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 5-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч жана сулууга да киргизилди.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги буга чейин азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерге жол бербөө үчүн айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу пландалып жатканын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн