Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:05
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8,5 миңден ашык билдирүү катталган

27.09.2023 12:02
434
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8,5 миңден ашык билдирүү катталган


Кыргызстанда 2023-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 502 арыз катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.


Ал белгилегендей, 2022-жылга салыштырмалуу катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өскөн. Муну ал ички иштер кызматкерлеринин иши жана коомдук жайларга көзөмөл камераларынын орнотулушу менен байланыштырды.


Депутат Шарапаткан Мажитова зомбулук фактылары министрдин орун басары жарыялаган көрсөткүчтөн үч эсе көп экенин айтып, милицияда аялдардын санын көбөйтүүнү сунуштады.


«Акыркы учурда, мисалы, эркек милиция кызматкерлери аялга күйөөсү өлтүргөндө келерин айтышкан. Аялдын азабын аял гана түшүнөт. Кызматкерлериңиздин жоопкерсиздигинен жана кылмышкерлердин жазасыз калганынан улам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, курман болгондордун саны көбөйүүдө. Милиция күнөөлүү”, - деди Шарапаткан Мажитова.


Министрдин орун басары милиция кызматкерлеринин күнөөсүн мойнуна алып, өз ишине шалаакылык менен мамиле кылган кызматкерлерге чара көрүлүп жатканын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн