Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 01:20:14
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Кыргызстанда жаан жаайт, - 25-мартка карата аба ырайы

24.03.2020 19:10
1109
Кыргызстанда жаан жаайт, - 25-мартка карата аба ырайы


Эртең, 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 3…8,

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн