Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында жашоо минимумунун орточо көлөмү жан башына 8 миң 253 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,2%га өскөн.
2024-жылдын биринчи жарымында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түзгөн.
Ар түрдүү социалдык топтор үчүн жашоо минимуму төмөндөгүдөй белгиленди:
- эмгекке жөндөмдүүлөр үчүн — 9 217,41 сом;
- пенсионеролер үчүн — 7 282,41 сом;
- балдар үчүн — 7 042,41 сом.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн