Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда жашоо узактыгы канча? Статкомдун маалыматы

06.12.2023 10:47
314
Кыргызстанда жашоо узактыгы канча? Статкомдун маалыматы


Кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 71 жашты түзөт. Бул 2022-жылга карата көрсөткүч экени Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандын аялдары жана эркектери" басылмасында айтылган.


Өткөн жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн. Ошону менен өлкөдөгү аялдар эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашаган тенденция сакталган.


"Өмүрдүн узактыгындагы айырма жыныстар арасындагы өлүмдүн көрсөткүчүнө байланыштуу. Эркектер арасындагы өлүм учуру аялдарга караганда 1,5-1,6 эсе жогору", — деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле өлкөдө жашаган аялдардын пенсиялык куракка жетүү ыктымалдуулугу 90 пайызды түзсө, эркектерде 70 гана пайыз.


"Учурдагы 60 жаш курагындагы аялдарда дагы 20 жыл жашоо ыктымалдыгы бар. Ал эми эркектерде 14 жыл", — деген Статком.


Кыргызстандын калкы 2023-жылдын 1-январына карата 7 миллион 37 миң адамды түзгөн. Аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей:

• аялдар — 3 миллион 557 миң;

• эркектер — 3 миллион 480 миң.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн