Бештин айы 04, 2024
Убакыт: 14:50
USD
86.65
87.15
EUR
90.80
91.80
RUB
0.820
0.860

Кыргызстанда жыл башынан бери 1,1 миң тонна алма кагы экспорттолду

Кыргызстанда жыл башынан бери 1,1 миң тонна алма кагы экспорттолду


Кыргызстанда жыл сайын 260 миң тоннага жакын мөмө-жемиш продуктулары жыйналат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен эң чоң үлүшүн алма ээлейт (2023-жылы жалпы мөмө-жемиш түшүмүнүн 62 % түзгөн). Алма өстүрүү боюнча Ысык-Көл облусу (25,4 %), Ош облусу (24,5 %), Жалал-Абад облусу (14,6 %), Чүй облусу (13,5 %), Баткен облусу (11,9 %) жана Талас облусу (9,5 %) алдыда турат.

2023-жылы Кыргызстан 1,5 миң тонна кургатылган алма экспорттогон.

Кыргызстандан кургатылган алма Германия (904,7 тонна), Түркия (307,7 тонна), Россия (234,0 тонна), Казакстан (56,4 тонна), АКШ (1,2 тонна), жана Япония (0,5 тонна) мамлекеттерине экспорттолот.

Ошондой эле кургатылган алма башка кургатылган мөмө-жемиштердин аралашмасында да экспорттолот. 2023-жылы кургатылган мөмө-жемиштер Бахрейн, Катар, Корея жана аз өлчөмдө Японияга экспорттолгон.

2024-жылдын 9 айында Кыргызстан 1,1 миң тонна кургатылган алма экспорттогон. Анын ичинен:

  • Германияга - 513,6 тонна;
  • Түркияга - 332,2 тонна;
  • Россияга - 225,9 тонна;
  • Казакстанга - 28,3 тонна;
  • Японияга - 0,3 тонна.

Бүгүнкү күндө алманы кургатуу замандын талабына жараша ыңгайлашып, кургатуу ыкмалары жаңыланып, кургатылган алма ингредиент катары эмес, “снеки” катары көбүрөөк колдонула баштады.

Белгилей кетсек, алма кургатуу процессинде жаңы мөмөлөргө мүнөздүү болгон дээрлик бүт витамин-минералдык комплексти сактап калат. Мындан тышкары, продукт витаминдердин жана минералдардын концентрациясы бир нече эсе көбөйөт. Кургатылган алманын курамында В, С витаминдери, ошондой эле калий, кальций, темир, фосфор, антиоксиданттар, тамак-аш буласы (пищевые волокна), пектин бар.

Клетчатка жана пектиндин болушу организмден ашыкча холестеринди, токсиндерди жана шлактарды чыгарууга жардам берет. Кургатылган алма жүрөк булчуңунун активдүүлүгүн нормалдаштыруу үчүн пайдалуу жана кан тамырларда холестерин бүртүкчөлөрүнүн пайда болушуна каршы профилактикалык чара болуп саналат.

Кургатылган алманын курамында антиоксиданттар көп болгондуктан, рак илдети менен күрөшүүгө жардам берет. Ошондой эле кургатылган алма клетчаткасы ашыкча салмак кошуунун алдын алат жана тамак сиңирүүнү жакшыртат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн