Кыргызстанда жыл башынан бери 5 поликлиника жана 3 ооруканага ишке берилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын билдирүүсүнө караганда, республика боюнча сменасына 48 адамды кабыл ала турган 5 амбулатордук поликлиника бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар Баткен жана Жалал-Абад облустарында ачылган.
Андан тышкары, Жалал-Абад облусунда 65 орундук 3 оорукана ачылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн