Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:28
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Кыргызстанда жол эрежеси боюнча мыйзамга электр самокаттарын тебүү эрежелери киргизилиши мүмкүн

15.06.2023 14:44
518
Кыргызстанда жол эрежеси боюнча мыйзамга электр самокаттарын тебүү эрежелери киргизилиши мүмкүн


Кыргызстанда электр самокаттарын тебүүнүн эрежелери боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, парламент күзгө чейин долбоорду кабыл алууга үлгүрбөйт. Буга байланыштуу ал тиешелүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле электр самокаттарын ижарага берген ээлерин алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

“Электр самокаттары жаштар арасында популярдуулукка ээ болуп, аны тебүү кадимки көрүнүшкө айланды. Бирок, жаштар электр самокаттары менен чоң жолдордо жүрүп жатат. Самокаттар велосипеддерге караганда ылдам жүрөт, жана самокат менен жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар катталууда. Албетте, бул олуттуу маселе катары сезилбеши мүмкүн, бирок жабыркагандардын саны өсүүдө. Жакында электр самокат унааны сүзүп ала жаздагандыгына өзүм күбө болдум”, - деди депутат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гульай Наматовна
Туура айтат депутат, электросамокаттарды кытайдан жайнатып алып келишип, тротуарларыбыз да тар, бир тартипке келтирбесе болбойт. Шаардын борборунда самокаттарга тыюуу салыш керек. Адамдар басабы же самокаттар менен журушобу. Тез чечим кабыл алсын мэрия