Теке 06, 2024
Убакыт: 01:23
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 156 миңден көп

07.04.2020 14:40
1182
Кыргызстанда жумушсуздардын саны 156 миңден көп


Өлкө аймагында жумушсуз жарандардын саны 156 300 адам. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров айтты.


Анын айтуусуна караганда бул көрсөткүч улуттук статистика комитетинин гана көрсөткүчү.

 

“Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом”, - деди Кочкоров.


Маалыматка таянсак, мындан сырткары ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адамды түзөт.


“Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, - деп комушчалады
Кочкоров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн