Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда зыяндуу чегирткелердин массалык көбөйүүсү күтүлүүдө

09.06.2020 10:26
1146
Кыргызстанда зыяндуу чегирткелердин массалык көбөйүүсү күтүлүүдө

Кыргызстанда быйыл 120 миң гектар аянтты чегиртке каптоосу мүмкүн деп божомолдонууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти. 


Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-апрелинде зыяндуу чегирткенин личинкаларынын алгачкы чыгуусу Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катталган. 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө, 24-апрелде Ош облусунда аныкталган. 


2020-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 22910 гектар аянт изилденип, анын ичинен 15 867 га аянтта зыянкеч табылган (анын ичинде Баткен облусунда — 9750 га, Ош облусунда — 3550 га, Жалал-Абад облусунда — 2567 га), баардыгы болуп — 14 817 га аянтта каршы күрөшүү иштери жүргүзүлгөн (анын ичинде Баткен облусунда — 9150 га, Ош облусунда — 3500 га, Жалал-Абад облусунда — 2167 га).


Учурда Жалал-Абад, Баткен, Ош, Чүй, Талас облустарында Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин адистери тарабынан чегирткелер таралган аянттарды аныктоо боюнча кеӊири масштабдагы изилдөө иштери жүрүп жатат.


Химиялык иштетүүлөр химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин атайын техникалары, ультра аз көлөмдүү уучачкычтары иштеп жатат. Баткен облусунда — 2 аппарат, Ош облусунда 1 аппарат жана Жалал-Абад облусунда 1 аппарат иш жүргүзүлүүдө.  


"Апрель жана май айынын I декадасындагы аба-ырайынын климаттык шарттары (үшүк менен коштолгон аба-ырайынын температурасынын кескин төмөндөп кетүүсү, нөшөрлүү жаан чачындар, зыяндуу чегирткелер чыккан аймактардагы жер көчкүлөр) үстүбүздөгү жылы зыяндуу чегирткелердин таралып, жайылуусуна жагымсыз шарт түздү. Мындай кырдаал зыяндуу чегирткелер тараган айрым райондордо (өзгөчө Жалал-Абад облусундагы) зыяндуу чегирткелердин личинкаларынын массалык азайуусуна алып келди. Бирок, июнь айынын I декадасынан баштап аба-ырайынын кескин ысып кеткендигине байланыштуу, зыяндуу чегирткелердин массалык көбөйүүсү, таралышы жана зыяндуулугу Жалал-Абад, Ош, Талас, Чүй, Баткен жана Нарын облустарында күтүлүүдө", - деп айтылат министрликтин маалыматында. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн