Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга видео камераларын орнотууну тапшырды. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин 2024-жылдын жыйынтыгына арналган жыйынында айтты.
Касымалиев мындай чечимдин максаты - мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздукту күчөтүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал видеокөзөмөлдүн орнотулушу ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы ишенимди жогорулатуу, бала бакчаларда тартипти камсыздоого жол ачарын кошумчалады.
Бала бакчаларга видео камераларды орнотуу иши тийиштүү мамлекеттик мекемелердин катышуусунда ишке ашат.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдөгү бала бакчалардын 63 пайызында видео көзөмөл бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн