Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстандагы эки балык фермасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди

29.04.2023 10:26
366
Кыргызстандагы эки балык фермасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди

Кыргызстандын эки ишканасына Россияга балык экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү Ветеринардык кызматтын инспекторлору тарабынан "Аква Пром" ЖЧК жана "Тянь-Шань-Фиш" ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгүнө онлайн текшерүү жүргүзүлдү.


"2023-жылдын 27-апрелиндеги РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын катына ылайык жүргүзүлгөн инспекциянын негизинде 28-апрелинен тартып Кыргызстан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу коюлган чектөө (төмөнкү эки ишкана) алынды. Эми "Аква Пром" жана "Тянь-Шань-Фиш" ишканалары Россияга балык жана балык азыктарын экспорттой баштайт", - деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле РФ Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине "Нурагрорыбпром" ЖЧК жана "Дары Природы" ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн