Бугу 16, 2024
Убакыт: 08:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандагы кайсы аткаминерлердин балдары аскердик кызмат өтөгөн?

25.01.2023 13:04
553
Кыргызстандагы кайсы аткаминерлердин балдары аскердик кызмат өтөгөн?

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовго  Кыргызстандагы аткаминерлердин балдары аскердик кызматка барып, барбай турганына кызыкты.


Министрдин орун басарынын айтымында, аскердик талаптарга жооп берген бардык жарандар алардын ата-энеси ким экенине карабай кызмат өтөйт.


"Аскердик чакыруунун талаптарына жооп берген бардык жарандар аскердик кызмат өтөйт. Алардын ата-энеси ким жана кандай кызматта экени маанилүү эмес.

Буга чейин Искендер Матраимов, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиевдин балдары аскердик кызмат өтөгөн",- деди Карасартов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн