Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:02
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстандагы мал союучу жайлар текшерилип, 15и жабылды

19.01.2024 12:39
341
Кыргызстандагы мал союучу жайлар текшерилип, 15и жабылды


Былтыр Кыргызстандын мал базарларына ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаганы үчүн 160 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйынында билдирди.


Жалпысынан республика боюнча 45 мал базар бар, анын 25и ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет.


Жыйырма мал базар ээсине эскертүү берилип, 16сына айып салынды.


«Ошондой эле өлкө боюнча 101 мал союучу жай бар. Алардын 15и талаптарга жооп бербегендиктен ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Учурда 86 мал союучу пункт иштеп жатат. Ону ЕАЭБ реестринде катталган. 2023-жылга карата жалпы 225 миң сом айып салынды», - деп баса белгиледи Бакыт Шарапов.


Мал базарларындагы ветеринардык-санитардык талаптардын сакталбагандыгы үчүн Ветеринария кызматы тарабынан Аламүдүн, Жайыл, Ноокен, Аксы, Кочкор, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорунун акимдерине, Каракол жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерине кат жана буйруктар берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн