Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстандагы пакистандыктар качан кетери белгилүү болду

07.09.2021 14:21
897
Кыргызстандагы пакистандыктар качан кетери белгилүү болду

Сентябрдын соңунда Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Нурланбек Жалбиев билдирди.


Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети "Манас" эл аралык аэропортунун иши боюнча маселени карады.

Талкуу учурунда пакистандыктардын көбөйүп жатканы жөнүндө дагы кеп козголду.


"Июль айынын соңунда, августтун башында Пакистандын жарандары көп келе баштады. 1-сентябрдан тарта алар кайра кете башташты. Эгер статистиканы алып карай турган болсок, 1-5-сентябрда Кыргызстанга Пакистандын 532 жараны келип, 1 596сы чыгып кетти", — деди Жалбиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн