Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

09.02.2024 18:35
416
Кыргызстандагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамда биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга тийиш эмес, ал эми бажы органдары тарабынан экспертизадан өткөрүү талап кылынбайт деп белгиленген.

Мындан башка, мыйзамда кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдөн тышкары, биржалык бүтүмдөр милдеттүү нотариалдык ырасталууга тийиш эмес деп каралган.

Ошондой эле товардык биржанын мүчөлөрүнө товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарга төлөө боюнча акча каражаттарын кооперациялоо үчүн товар биржасында субэсептерди ачууга укук берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн