Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:30
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстандан 5 шумкарды чыгарып кетүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран кармалды

Кыргызстандан 5 шумкарды чыгарып кетүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ТИИБдин Аба транспортогу ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери “Манас” аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 22-ноябрь күнү таңкы саат 5.30да чамасында “Манас” Эл аралык аэропортунун жүк ташуучу терминалынан  коңшу мамлекеттердин биринин   жараны   1995-ж.т. С. Д. кол баштыгынан 5 даана кызыл китепке кирген ителги  табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Чет мамлекеттердин биринин жараны С.Д. беш ителгини, анын ичинен экөөсү өлүп калган ителгини алып кетүүгө аракет кылганы маалым болгон. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 93-беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кармалган жаран ЖПКнын 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


  Учурда ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шектүүлөрдү   аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштерди жүргүзүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн