Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстандан 50 миң тонна кумшекер экспорттоо пландалууда

27.02.2024 11:30
528
Кыргызстандан 50 миң тонна кумшекер экспорттоо пландалууда


Кыргызстандагы айыл чарба продукциясын кайра иштеткендер кеминде 50 миң тонна кумшекер экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу "Агродиалог 2024" форумунда "Кошой" заводунун директорлор кеңешинин төрагасы, "Кайыңды Кант" заводунун директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.


Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда эки кумшекер заводу иштейт. Алтыбаевдин айтымында, экөө биригип суткасына 7,5 миң тонна кумшекер чыгарат.


"Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого басым жасайбыз — бул ички рынок үчүн 150 миң тонна жана экспорт үчүн кеминде 50 миң тонна кумшекер өндүрүү. Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн 1,2 миллион тонна кант кызылчасы керек", — деди ал.


Алтыбаев форумга да дал ушул себептен, фермерлерден кызылча өстүрүүнү сурануу үчүн катышып жатканын белгиледи.


Былтыр Кыргызстан өзүн керектүү өлчөмдүн жарымынан бир аз жогору көлөм менен камсыздаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн