2025-жылдын башынан бери Россиянын Пермь шаарына Кыргызстандан 10 тоннадан ашык кулпунай жана 0,5 тонна кокон гилас жеткирилген.
Россельхознадзордун маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан Пермге аталган жемиштерди экспорттоо болгон эмес.
Жеткирилген мөмө-жемиштер тийешелүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөн. «ВНИИКР» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин Пермь филиалында жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында мөмө-жемиштерден карантиндик зыянкечтер табылган эмес жана продукцияны сатууга уруксат берилген.
Акыркы жылдары Россия КМШ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан жаңы мөмө-жемиштерди импорттоону көбөйтүүдө. Муну менен катар Кыргызстан да экспорттун көлөмүн көбөйтүп, 2024-жылдын 8 айында эле Кыргызстан Россия менен Казакстанга 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн