Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 22:10
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандан күйүүчү майды экспорттоого тыюу салынды

03.03.2021 07:19
1402
Кыргызстандан күйүүчү майды экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары мунай заттарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.



Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов ички рынокто мунай затынын жетишсиздигин алдын алуу максатында кол койгон.


Мамлекеттик Бажы кызматына, Мамлекеттик чек ара кызматына, Финполго, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине мунайды жана мунай заттарын мыйзамсыз ташыгандарга бөгөт коюу тапшырмалары берилген.


Аталган чечим кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирди. Кененирээк өкмөттүн сайтынан таанышууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн