Кыргызстандык жаш шахматчы Эржан Жакшылыков 14 жашында Мастер ФИДЕ титулуна жетишти. Бул тууралуу "Биринчи радио" кабарлады.
Өлкөнүн соңку тарыхында бул наамды Эрнесто Инаркиев гана мындан көп жыл мурун алган.(Эл аралык гроссмейстер,Европа чемпиону,учурда Россия Федерациясынын жараны)
Бул ийгилик Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы жана Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясы үчүн тарыхый күн, чоң жетишкендик...
Жакшылыков Каракол шахмат академиясынын окуучусу. Спорт чебери, Шахмат боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн