Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандык 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

13.09.2023 09:38
245
Кыргызстандык 229 абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды


Кыргызстандан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле КРнын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн