Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстандык Урмат Абасканов билими жок эле АКШда өз компаниясын түптөдү

01.12.2020 11:05
28766
Кыргызстандык Урмат Абасканов билими жок эле АКШда өз компаниясын түптөдү


Кыргызстандык Урмат Абасканов АКШга 21 жашында жалгыз келген. Азыр ал 28 жашта. Америкадагы жети жылында жаш жигит официант, жеткирип берүүчү, жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеп жана өзүнүн Diversity Freight Lines логистикалык компаниясын негиздеген.


Июль айындагы коронавирустун күчөп турган маалында биздин мекендеш четте карап турбастан Кыргызстандын ооруканаларына 10 даана ИВЛ аппараттарын берген.


24.kgге берген маегинде Урмат Абасканов Штаттарда кандай кыйынчылыктарга кабылганын, жоктон бар кылып кантип бизнес түптөгөнүн жана Америкада жүргөн кыргызстандыктар тууралуу ойлору менен бөлүшкөн.


- Эмне үчүн АКШга барайын деп чечтиңиз?


- Апам мени врач болсо деп каалады, мен мектепте химия-биология багытында окудум. Мектепти аяктап, андан кийин атамдын каалоосу менен КГУСТАга (Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети) инженерликке тапшырдым. Тандалган кесип боюнча окуганга өзгөчө каалоо деле болгон жок, андыктан 2-курстан кийин, 2013-жылы Work and Travel программасы боюнча АКШга келип, мүмкүнчүлүктөрдү көрүп калууну чечтим.


- Кандай кыйынчылыктар менен бет келдиң?


- Мен АКШга англис тилин базалык деңгээлде билип келдим. Ага ылайык тил тоскоолдуктарын сездим. Моралдык жактан чарчаган күндөр болду. Мекенимде калган жакын адамдарымдын колдоосу да жок болду. Элестетип көрүңүз, сиз ата-энеси менен жашаган, эч нерседен кем-карч болбогон орто курстагы студентсиз, анан эле капысынан ири мегаполисте такыр жалгыз калдыңыз.


- Биринчи жумушка кантип орноштуңуз?


- Штаттардагы менин биринчи жумушум идиш жуугуч болду. Ошондой эле официанттын жардамчысы болуп иштедим, коноктор келип кеткенден кийин столдорду тазаладым. Бирок, бул жумуш менин группалашым курулушка иштөөгө чакырганга чейин бир гана ай уланды. Ошол убакта башымдан өткөргөн кыйынчылыктарга карабастан, мен Америкада чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрдүм.


- Логистикалык компанияны кантип негиздеп калдыңыз?

 

- Уруксат берген документтер маселесин чечип алган соң биз Кыргызстандан келген эки жигит менен чогуу пицца жеткирип берүүчү болуп жумушка орноштук. Жумуштун процессинде бул жерде кандай иш ачса боло тургандыгын ойлонуп жүрдүк. Анан логистикалык тармак бизге идеалдуу туура келет деген чечимге келдик. Себеби Кошмо Штаттардын бүтүндөй экономикасы ташуулар (перевозка) менен байланыштуу. Заводдор, нефть компаниялары, порттор, булардын баары логисттердин кызматына муктаж. Мындан миллиондор жасалат.


2015-жылы жүк ташуучу унаа айдоого мүмкүндүк берген коммерциялык укук (права) алып, биз трак айдоочусу болуп ишке орноштук. Ушундай жол менен биз брокерлик эмне экенин, товарларды кайда жана эмне менен ташый турганын, кандай баада экенин ичинен билдик. Ошондой эле келечекте өз компаниябызды ачуу үчүн процесстин мониторинг системасын да үйрөндүк.


Биз максатыбызды ишке 2017-жылы ашыра алдык. Адегенде бир трак сатып алдык, андан кийин алтыны, ошентип акырындык менен кеңейе баштадык.


- Демек компанияны сиз жалгыз негиздеген эмес экенсиз да?


- Бүгүнкү күндө менин өнөктөштөрүм болуп саналган досторум – Канат Нурмаматов жана Азамат Асылбеков менен.


- Сиздин компанияда канча адам иштейт?


- Команда 73 адамдан турат. Ага айдоочулар, дспетчерлер, бухгалтерлер, юристтер кирет. Компанияны жетектөө менен алар үчүн жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн өтө чоң жоопкерчиликти сезесиң.


- АКШда бизнес жүргүзүү кандай экен?


- Компания түзүлгөн үч жылдын ичинде бизге салык кызматынан бир да жолу келишкен жок.

Эгер сен ачык иштеп жатсаң, айлык акы берип жана салыкты өз убагында төксөң, АКШда сенин бизнесиңе эч ким тоскоолдук жаратпайт.


- Америкалык маданияттан сизге эмне таасир калтырды?


- Мага алардын ак ниеттүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү жагат. Алар үй-бүлөгө жана жумушка көбүрөөк көңүл бурат. Бизде көбүрөөк туугандар аралык мамилеге басым жасалат эмеспи. Той, куран окутуу сыяктуу нерселерге көп убакыт коротот. Эгерде кимде-ким салтанат уюштуруп жаткан болсо, биз баарын таштап, ошол жакка чуркап барабыз. Америкалыктарда андай эмес.


Ошондой эле ар ким өзүнүн жашоосу менен алек. Башка бирөөнүн жашоосуна эч ким кийлигишпейт.


- Көңүл картырган, ирээнжиткен көрүнүштөр болдубу?


- Бул жакка келип, ишке орношкондон кийин биздин мекендештердин көпчүлүгү керсейип калат. Кандай ийгиликтерге кайсыл жерде жетсең дагы ар дайым кайдан келгениңди эсиңден чыгарбай, жөнөкөй адам боюнча калышың керек деп эсептейм.


Ошондой эле кыргыз иммигранттарынын балдары өздөрүнүн эне тилин билишпейт. Аларды англис тилинде гана окутушат.


Аларга Кыргызстандан чоң ата, чоң апалары келгенде бири-бири менен сүйлөшө албай калышат. Аларга бала кезинен өздөрүнүн каны, маданияты, тарыхы тууралуу айтып беришпейт. Анан дагы Кыргызстанды биротоло танып кеткендер бар. Кайра кайтып баргылары келбейт. Мунун баары мени өтө капа кылат.


- Келечекке кандай пландар бар?


- Логистикалык тармактан сырткары кыймылсыз мүлк жана IT сферасында ишмердүүлүк жүргүзөбүз. Өнүктүрүү жана кеңейтүү гана пландарыбыз бар. Биз өз мекенибизге жардам берүүнү улантабыз. Белгилей кетейин, биздин компаниянын 25 кызматкери Кыргызстанда туруп аралыктан иштешет жана жакшы айлык акы алышат. Келечекте биздин экономикага байкалаарлык салым кошкум келет, логистикалык жана IT сферасын өнүктүрүү аркылуу.


Булак: 24.kg маалымат агенттиги


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн