Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстандыктар май айында кайсы күндөрү эс алат?

20.04.2021 10:40
699
Кыргызстандыктар май айында кайсы күндөрү эс алат?

Май айында мамлекеттик кызматкерлер 3 күн эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда белгиленген.


1-Май — Эмгек майрамы;

5-Май — Конституция күнү;

9-Май — Жеңиш күнү.


Эгерде эс алуу менен майрам күндөрү дал келсе дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Эреже боюнча 1-май ишембиге туш келгендиктен 3-май дагы эс алуу күнү деп белгиленди.


Бирок өкмөт күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу үчүн 3-майдагы эс алууну 8-январга жылдырган.


«5-май шаршембиге туура келет. Ал эми 9-Май жекшембиге туура келгендиктен кийинки дүйшөмбү күнү 10-май эс алуу күнү болуп саналат. Ошондо жалпысынан ишемби менен жекшембилерди эсепке албаганда кошумча үч күн эс алат», — деп берилет маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн